Экмат Байпакбаев чыйпылыктап добуш алуунун камылгасын көрүүдө

108

Жогорку Кеңеште Экмат Байпакбаев деген депутат бар эмеспи. “Бар эмеспи” деп коебуз да, жумурай-журт жакшы тааныган депутаттан бетер. Тагыраагы, ошондой бир эргул депутат бар. Мандат бактысына “Республика Ата Журт” партиясы менен жеткен. Беш жыл бою кыйраткан мыйзам жазганын кɵрɵ алган жокпуз. Көрмөк тургай парламент трибунасынан эл көйгөйүн көтөрүп, адилеттүүлүк үчүн алты ооз кеп айтканы деле билинбеди. Бир билгенибиз былтыр ата мекендик ɵндүрүшчүлɵргɵ бут тоскон мыйзам сунуштап элдин таландысында калган. Мындан башка депутат катары эмнени кыйратканын билбейбиз. Эми ушул эргул шайлоо алдында тил бүткөндөй популисттик жагдайларга кадам таштап, жөн эле безеленип иштеген эл өкүлүнүн образын жаратканга өткөнү эмнеси? Орто жашап калган курагында кичине арыдан-бери болуп, тек жүрбөйбү? Эл деген кимдин-ким экенин билет да. Туурабы? Кайран сөз да. Ушундайларга корогон.

Булак:Де-Факто