Чолпонбаев: Өлкөдө коронавирусту текшерүү үчүн тест-системалар жетиштүү

111

Коронавирус инфекциясын текшерүү үчүн өлкөдө тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө тест-системалары жетиштүү.

“Тест-системалары бизге Россиядан, Япониядан келүүдө. Ошондой эле аларды Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Германиядан алдык. Гуманитардык линия боюнча да тесттер келүүдө”, – деди министр.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.