Фарид Ниязов суудан кургак чыгуунун амалын издей баштадыбы?

195

Кой-Таш окуясы боюнча Ф.Ниязовдун кайрылуусуна саясат талдоочу Табылды Акеров жергиликтүү сайттардын бирине комментарий берип, Атамбаевдин ат кошчусу болгон Фарид Ниязов эмнени сүйлɵгɵнүн ɵзү билбестигин билдирди. «КСДПнын саясий кеңешинин тɵрагасынын орун басары, КСДПнын штабынын жетекчиси катары 7-августта Атамбаевдин үйүндɵ болгон, ал спецназ Ниязбековду сактап калып, барымтага алынгандарды дароо бошотконго мүмкүнчүлүгү бар эле» деди. Саясат талдоочунун пикиринде, барымтадагыларга жардам берүү жаатында Равшан Жээнбековго караганда Ниязовдун таасири жана мүмкүнчүлүгү чоң болгон. «Фарид Ниязов дароо Жунушалиев, Асанов, Опунбаев же дагы башкасына чалып, тынчтык жолу менен кырдаалды жɵңгɵрсɵ болмок. Бирок, ал ɵзүн кɵрсɵтɵ албады. Тескерисинче, барымтадагыларга медициналык ж.б. бɵлɵк жардамдар зарыл болуп турган маалда ал телаканалдарга ырахаттануу менен мектерди берди» деп таамай белгилеген Табылды Акеров. Саясат талдоочу сɵзүнүн аягында Ниязов жоопкерчиликтен кутулуу үчүн 24 саат бою ойлонуп, канткенде суудан кургак чыгып кетем деген «изденүү» менен убакыт ɵткɵрүп жаткан маалы. Чындыгында эле Атамбаевдин сокур сакясатын ээрчип жүрүп, ɵздɵрүн ɵздɵрү «тупикке» тыкты. Эми жазасын тартсын!

Булак:Де-Факто