Олимпиада оту Грекиядан Жапонияга жетти

52

Олимпиада оту 20-мартта Жапониянын түндүк-чыгышындагы Мияги аймагына жеткирилди. Аймак 2011-жылы цунамиден катуу жабыркаган. Олимпиада жалыны Миягидеги Мацусима Сил аскер базасына атайын лайнер менен жеткирилгенин Киодо агенттиги маалымдады. Ти-Би-Эс телеканалы Олимпиада отун кабыл алуу аземи аймактагы катуу шамалдан улам кечигиши ыктымал экенин билдирди.
Отту кабыл алуу аземине дзюдонун үч жолку олимпиадалык чемпиону Тадахиро Номура жана эркин күрөш боюнча үч ирет чемпиону болгон Саори Ёсида катышат. Мурунку план боюнча Олимпиада отун бул эки чемпион Грекиядан алып келүүгө тийиш болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам отту өткөрүп берүү аземи да 19-мартта Афинанын айтылуу «Панатинаикос» стадионунда элдин катышуусуз, ээн өттү.
Жапониянын ичиндеги эстафета 26-мартта башталары айтылган. Бирок жергиликтүү бийлик вирус коркунучунан улам чогулбоого чакырууда.

Токио оюндары июль-август айларына белгиленген. Жапон өкмөтү оюндун мөөнөтүн жылдырууга караманча каршы болууда. COVID-19 пандемиясына байланыштуу март, апрель, май айларына белгиленген эл аралык масштабдагы ондогон спорттук иш-чаралар, анын ичинде Европанын футбол чемпионаты да башка мезгилге жылдырылууда.