Акылбек Жамангулов медиктерге бекер байланыш түзүп берди

24

«Мегакомго» жаңы жетекчи келгенден бери бир топ ɵзгɵрдү. Алгылыктуу иштерди жасай баштаганын, жаңы демилгелерди тынбай кɵтɵрүп, аларды казкатары менен ишке киргизип баштаганын кɵрүп жатабыз. Ɵткɵндɵ мектептер боюнча жакшы саамалыкты жолго койгонуна күбɵ болгонбуз. Ɵзгɵчɵ Президенттин демилгеси менен старт алган санариптештирүү саясатында аттын кашкасындай бɵлүнүп чыкканын байкадык. Былтыр коррупциялык элементте силкинип чыгып, Ɵкмɵт башчынын «бажасы» былгытканы калган жемкорлук ишти талкалап таштаганда Акылбек Жамангуловго далай адамдар алкыш айткан. Сүйүнгɵнүбүз, эл дегенде ичкен ашын жерге койгон азамат коронавирус илдети кекиртектен сыгып жаткан маалда дагы сырттан карап турбай, медиктерге бекер байланыш түзүп бериптир. Жамы журт ыраазы болуп калды. Атургай, коронавирус менен күрɵшүүдɵ кызмат кылып жаткан дарыгерлерге бекер интернет жана сүйлɵшүү байланышын да улап бериптир. Калктын канын кактабай соруп жаткан «О!» жана «Билайн» деген аталыштагы байланыш компаниялары «Мегакомдон» үлгү алсын!

Булак:Де-Факто