Чүйдүн тыңчыкмалары Бакыт Жетигенов менен Урмат Самаев кырылышканы калыштыбы?

53

Токмок шаарынын кеңешине карай шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиялары тирешип, жакында катуу чабыштар болору айтылууда. Мындай карасаң, экөө тең бийликтин партиясы. Иш жүзүндө ыркырашып калышыптыр. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, «Биримдикти» сүрөгөн Бакыт Жетигенов «Мекеним Кыргызстанды» жетелеген «Чемпион» каймана атындагы Урмат Самаевге ачууланып, жакында кырылышууга барышары алдыртан удургуй баштады. Ушу тапта экөөнүн эрөөлүн күткөн адамдардын катары кальңдап, кулактарын түрүп турушкан чактары…

Акын Бекчороев

Булак: “Азия Ньюс”