Ушу тапта айрым шылуундар пайдага туйтунуу максатында беткаптарды дүңү менен чыгарып кетүү аракетин жасоодо

46

Ушу тапта дары-дармектердин, айрыкча беткаптардын жетишсиздиги жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатат. Ырас, беткаптар жетишпейт, муну моюнга алабыз. Азыр алардын ордун толтуруу чараларын көрүп жатабыз. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башы буга чейин өлкө аймагындагы дарыканалар менен медициналык мекемелерде 3,5 млн бепкап болсо, ортодогу шылуундардын айынан алардын баары 3 күндүн ичинде жок кылынганын белгиледи. «Кыйчалыш кеэеңден пайдаланып туйтунуу максатында, айрым шылуундар беткаптарды дүңү менен чет өлкөлөргө чыгарып кетүү аракетин жасап жатышат. Чек арадан 1,5 млн даана беткап кармалып, медициналык мекемелерге кайтарылып берилди. Буга чейин бизде мындай жабдыктар жетишсиз болгон. Азыр эки ишкердин демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарларында күнүнө 70 миң беткап чыгарыла баштады», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, чет өлкөлөрдөн дары-дармектер менен атайын жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Кытай бул багытта жардам берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, жугуштуу коронавирус илдети дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам каталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Кечээтен баштап ал аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдыналуу чаралары көрүлүүдө.