УКМК: террористтик уюмдун мүчөлөрү жихаддык идеологиядан баш тартты

60

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) терроризмге байланыштуу соттолгон беш жаран өз идеологиясынан баш тартканын жарыялады.

Атайын кызматтын кабарлашынча, өз каалоосу менен баш тарткан жарандар бул аракеттери катачылык жана пайдасыз экенин билдирип, коомчулукту диний-экстремисттик уюмдун идеологиясына азгырылбоого чакырды.

Жихаддык идеологиядан баш тарткандар 2011-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган 45 жаштагы, 25 жылга эркинен ажыратылган 32 жаштагы, 2014-жылы 11 жылга эркиндигинен ажыратылган 32 жаштагы, беш жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы, 2017-жылы алты жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы жарандар болгон.

Атайын кызмат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте түрмөдө отурган террористтик уюмдарынын мүчөлөрүн экстремисттик идеологиядан арылтуу иш-чараларын жүргүзөт.