Коронавирус: Бюджеттик резервден 200 миллион сом бөлүнмөй болду

123

Жогорку Кеңеш коронавирус илдетинин жайылышына каршы мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Муну менен өкмөттүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепти толуктоо үчүн 200 миллион сом бөлүп берүү жөнүндө сунушуна макулдук берилди.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.