ЖАМК: абактагылар менен жолугушуу убактылуу токтотулду

31

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорго жана тергөө абагында отургандар менен жолугушууга, тез бузула турган тамак-ашты киргизүүгө тыюу салынганын маалымдады. Мындай чечим абак жайларга жугуштуу илдетин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.

ЖАМКнын короновирустун жабык жайларга киришинин алдын алуу жана эскертүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Инфекция аныкталган учурда жаткыруу үчүн атайын бөлмөлөр даярдалган.

Кызматкерлер дезинфекциялоочу каражаттар жана медициналык беткаптар менен камсыздандырылды. Учурда атайын курамдын ичинде короновирусту жуктуруп албоо үчүн маалыматтык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Республикалык штабка ЖАМКнын борбордук аппаратына жана жабык жайларга профилактика жана дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу жөнөттү.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ыкчам штаб тарабынан Жазаларды аткаруу системасында маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө, кызматкерлердин командировкага чыгышына убактылуу чектөө киргизилди. Учурда ЖАМК мекемелеринде тамак-аш жетиштүү.