Аскар Салымбеков 100 миң даана беткап үчүн каражат берет

41

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер жана бизнесмен Аскар Салымбеков коронавируска каршы күрөшүүгө 100 миң даана беткап үчүн каражат бермей болду.

Бул тууралуу ал кечээ, 18-мартта, “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Биз биринчи кезекте аялуу катмар-улгайгандар жана балдар тууралуу камкордук көрүшүбүз зарыл. Ошол себептен биз коронавирустун алдын алуу үчүн 100 миң даана беткап үчүн каражат бөлүп беребиз “ деди Аскар Салымбеков.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталгды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.