АКШда эки конгрессмен коронавируска кабылды

27

Шаршембиде Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, республикачы Марио Диас-Баларт Вашингтондо өз эрки менен карантинге барганын билдирди. Ал жубайына вирусту жуктуруп алуудан кооптонуп, Флоридадагы үйүнө барган эмес.

Конгрессмендин дене табы көтөрүлүп, башы ооруган, анализдер анда COVID-19 вирусу бар экенин тастыктаган. Көп өтпөй, дагы бир конгрессмен, демократ Бенжамин Макадамс да коронавируска кабылганын маалымдады. Анын айтымында, ишемби күнү Вашингтондон Колумбия аймагына барган кезде табы айныган. Шейшембиде вируска анализ тапшырып, бир күндөн кийин оору жуктуруп алганы аныкталган.

АКШдагы Хопкинс университетинин санагы боюнча өлкөдө коронавирус 7700 адамга жуккан, 118 адам бул жугуштуу илдеттен көз жумган.