Штаб: Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок

60

Кыргызстандын жалпы аймагында коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жарыялоонун зарылчылыгы барбы же жокпу – сунушту эпидемиолог адистер берет. Чечимди оорунун жайылуу ылдамдыгына жараша өкмөт кабыл алат:

«Анчалыкка жетпейбиз деп ойлойм. Эгер тез жайыла турган болсо, албетте, ойлонуштурабыз. Бирок анчалыкка жетпейт го дейм. Буга азырынча олуттуу негиз да жок».

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.