Нарында умрадан келген бир киши изоляцияга алынды

47

Нарын облустук казыятынын маалыматында, жыл башынан бери облустан жалпысынан 43 киши умрага барып келген. Учурда алардын ичинен бир киши изоляцияга алынды. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы кырдаал боюнча ананыраак маалымат берилээрин билдирди.

Январь айында умрага барып келгендер Нарын шаарынан 8, Кочкордон 23, Ак-Талаадан 3, Ат-Башыдан 5, Жумгалдан 4 киши деп эсептелди.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус табылган үч киши катталды. Алар – Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.