Жапония Олимп оюндарын убагында өткөрүүнү көздөп турат

28

Жапония 2020-жылкы Олимпиаданы башка учурда өткөрүүнү караштыра элек. Бул тууралуу өкмөттүн башкы өкүлү Йошихиде Суга 18-мартта билдирди.

“Эл аралык Олимпиада комитетинин кечээги билдирүүсүнөн улам биз түшүндүк. Алар Токио-2020 оюндарын өткөрүүдө бардык күчүн жумшарын дагы бир ирет билдиришти”, – деди Суга.

Эл аралык Олимпиада комитети 17-мартта коммюнике жарыялап, бардык спортчуларды Олимп оюндарына даярдыкты уланта берүүгө чакырган. Ошондой эле ар өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитеттери менен кеңешүүнү улантарын билдирген.

Токио Оюндары июль-август айларына белгиленген. COVID-19 пандемиясына байланыштуу март, апрель, май айына белгиленген эл аралык масштабдагы ондогон спорттук иш-чаралар, анын ичинде Европа футбол чемпионаты да башка мезгилге жылдырылууда.