ВИДЕО – Темир Сариев өзөктүү маселени кабыргасынан коюп, көтөрүп чыккан…

336

Темир Сариев премьер-министр кезинде өлкөнүн экономикасынын негизги булактарынын бири болгон суу маселесин кабыргасынан койгон. Ал Дүйшөмбү шаарында суу маселелерине арналган жыйында Кыргызстандын сууну пайдалануу боюнча позициясын билдирген. Анда расмий Бишкек энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ири ГЭСтерди курат деп айткан. Гидроэнергетика туруктуу өнүгүүнүн өзөгү деп белгилеген. Темир Сариев сууну туура колдонууну, тундурууну, мөңгүлөрдү сактоону жана коңшу Казакстан менен Өзбекстанга кеткен суунун пайдасын көрүү боюнча так кесе белгилеп, айтып өткөн. Бул жыйын дүйнөлүк масштабда орун алып, БУУнун ошол учурдагы баш катчысы Пан Ги Мун да катышкан. Темир Сариев БУУ суу ресурстарынын пайдасын тең көрүү боюнча иш алып барышы керектигин белгилеген.

Ошондой эле Сариев Камбар-Ата ГЭСтерин куруу Кыргызстанга эле эмес суунун ылдый жагындагы өлкөлөргө да пайдалуу экенине токтолгон. Ага ылайык, Токтогул суу сактагычынын иштөө режими өзгөрөт жана ал ирригациялык функцияны көбүрөөк аткара баштайт. Сариев ушул долбоорду ишке ашыруу менен региондогу сугат маселеси чечилерин айткан. “Ошондуктан ГЭСтердин курулушуна коңшу өлкөлөр да кызыкдар болушу керек” деп өзөктүү маселени көтөрүп чыккан.