Коркконго кош көрүнөт же Разаков эмнеден чочуду?

1114

Бүгүн, 1-май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу сот отуруму болуп өттү. Бүгүнкү сот отуруму кичинекей залга белгиленгенден улам, залга Асановдун эмес, Разаковду коштоп келген ондон ашык бала кирип олтуруп алыптыр. Анын бул кылыгы таң калычтуу болду, адатта жабырлануучуну жактоочусу эле коштоп келет эмеспи? Жеңиш Разаковдун бул кадамын кандай түшүнөбүз? Сот отурумуна келген Асановдун тарапташтары батпай калып, жактоочулар менен прокурорлордун ортосунда кайым айтышуу орун алды. Асановдун жубайына чыгып туруңуз дегенде, Асановдун жактоочулары эмнеге Асановдун жубайы чыгат, Разаковдун балдары чыксын деген талап койду. Ошол учурда Разаков алапайын таппай, “өткөндө көрдүңөр го, эмне болгонун” деп үн катты. Өткөн сот отурумунда Асановду колдоп келген аялдар Разаковго ыңгайсыз суроолорду берип, анын айласын алты кетирген. Ошондо Разаков ондон ашык баланы соттук залга алып киргени, аялдарга каршы коргонгонубу? Кокус, дагы аялдар кыйкырып чыкса, он баласын айдактап коем дегениби? Кыскасы, аялдардан чочуган Разаков юбка эле кийип албайбы?

ЧЫНДЫК