Тажикстан АКШ Мамдепартаментинин сынын «негизсиз» деп атады

30

Тажикстан Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын Тажикстандагы адам укуктарына байланышкан баяндамасын «негизсиз жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү» деп атады.

Министрлик АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасы эки өлкөнүн достук жана өнөктөштүк мамилесине төп келбей турганын белгиледи.

Тажикстан ТИМинин билдирүүсүндө: «Бул БУУнун Уставына, анын ичинде суверенитеттүүлүктү сыйлоо жана башка өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө принциптерине каршы келет», деп айтылат.

Мамдепартамент 11-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстанды «авторитардык өлкө» деп атап, түрмөлөрдө соттолуучуларга, айрыкча саясий туткундарга карата кыйноо колдонулуп жатканын, алардын көзүн тазалаган учурлар бар экенин баса белгилеген.

Документтин авторлору сот системасындагы олуттуу маселелер, вебсайттардын бөгөттөлүшү, дин тутуу эркиндигинин чектелиши, Тажикстандын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү коррупция жана непотизм жөнүндө да жазышкан.

Тажикстан ТИМи Мамдепартаменттин баяндамасында калыс талдоо болбогонун, документ саясий мүнөзгө ээ экенин билдирди.