Москвада мыйзамсыз иштеген мигранттар акча которуу системалары аркылуу аныкталууда

41

Поделиться
Print

Москва шаарынын прокуратурасы Росфинмониторинг кызматы менен бирге чет өлкөгө тез акча которуу системалары аркылуу мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды табуу иштерин баштаганын билдирди.

Бул тууралуу ТАСС агенттигине Москва прокурору Денис Попов билдирди.

– Росфинмониторинг чет өлкөлөргө тез акча которуу системалары жөнүндө маалыматтарды берди. Акча которгон кеңселерди шаар картасына киргизип, алардын жайгашкан жерин аныктадык. Көбү курулуш жана өнөр жай объектилерине жакын жерлерде жайгашкан. Борбор калаанын түштүк-чыгыш тарабындагы Печатники жана Люблино аймактарынан Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга акча которуулар көп болгон, – деген Денис Попов.

Анын айтымында, мыйзамсыз иштеген мигранттар азыркы тапта ушул ыкманын жардамы менен аныкталууда.

Прокурор бул ыкма мигранттардын эмгегин пайдаланып, көмүскө иштеп жаткан ишкерлерди да аныктоого жардам берерин белгиледи.

Орусия Борбордук банкынын маалыматына караганда, 2020-жылдын башында Москвада эле миграциялык карта алган мигранттардын саны 1 миллиондон ашкан. Алардын жалпы саны 4,5 миллион, анын ичинен 644 киши патенттин негизинде иштейт.

FinExpertiza аудитордук-консалтинг тобунун маалыматына караганда, акыркы жети жылда Орусиядагы мигранттардын акча которуулары азайган. Борбор Азия мигранттары 2009-2018-жылдар аралыгында төлөм системалары аркылуу мекенине 141,4 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Мунун 30 пайызы Өзбекстанга которулган.