Темир Сариевдин өкмөтү Ысык-Көлгө 5 заманбап тоо лыжа базасын курууга багыт алган…

1048

Кереметтүү Ысык-Көлүбүз бир гана биздин эмес, жалпы Орто азиянын бермети катары бааланып келет. Бекеринен касиеттүү деп айтылбаса керек да? Ысык-Көлдөн Кыргыз мамлекетин түптөгөн залкар инсандар, олуялар, кыргыздын кыраан акелери чыккан, алардын буту баскан ыйык жер. Өзгөчө азыркы дүйнөлүк урбанизация учурунда адамдар жайкысын жаратылыш менен сүйлөшүп, тоого чыгып эс алууну, сууга чомулуп ырахаттанууну, кышкысын тоо лыжа базаларына барып, лыжа тээп чер жазууну адатка айлантып баратат. Ушул жагын эске алсак, Ысык-Көлдү келечекте туризмдин борборуна айлантып, тоо лыжа базаларын дүйнөлүк стандартка ылайык куруп, кышкы туризмдин очогу болуп калуу мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Ушул багытты өнүктүрүү боюнча Темир Сариев премьер-министр болуп турганда батыл кадамдарга барууга бет алган. Тагыраагы, Сариев премьер-министр катары Ысык-Көл облусунда өкмөттүн көчмө жыйынын өткөрүп, 2015-жылдын 1-декабрында кабыл алынган өкмөттүн №810 – токтому менен, Ысык-Көл облусундагы “Тоо лыжа кластери” долбоору бекитилген. Бул долбоордун башкы максаты Ысык-Көл облусундагы беш жерге заманбап, дүйнөлүк стандартка жооп берген тоо лыжа базаларын куруу болгон. Алар, Бозучук, Кереге-Таш, Челпек, Светлая Поляна жана Жыргалаң айылдарына курулмак. Учурда бул долбоор унутта калып, курулуш иштери кечеңдеп атканы өкүнүчтүү. Кыргызстандын эң башкы өнүгүү булагы катары туризм тармагын белгилесек болот. Бирок учурда бул багытты өнүктүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй жатканына күбө болуудабыз. Темир Сариевдин өзгөчөлүгү анын иш билгилиги менен шамдагайлыгында. Ал ар-бир баштаган ишине ыкчам киришип, тездик менен ишке ашыра алган. Кыскасы, бир топ багыттар боюнча алгылыктуу иштер башталып, чечимдер кабыл алынган.