Таласта жаш депутат Спикер болду…

770

Бүгүн, Талас шаардык кеңеши жаңы төрагалуу болду. Тагыраагы, мурдагы төрага Мирлан Эсенкуловдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, анын ыйгарым укугу токтотулган. Буга ылайык Талас шаардык кеңеши чукул сессияга чогулуп, жаңы төраганы шайлап алышты. Төрагалыкка КЫРГЫЗСТАН партиясынан Адылбек Жусупбеков, КСДПдан Бузурман Багышбеков жана Республика партиясынан Ажыбаева Айнура талапкерлигин койду. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан партиясынын Талас шаардык кеңешинин лидери Адылбек Жусупбеков озуп чыгып, төрага болуп шайланды.

Адылбек Жусупбеков жаш ишкер катары таанылып, Талас шаарынын бир топ социалдык маселелерин чечүүдө жигердүү кызматын кылып жатат. Ал иш билгилиги, элге жакындыгы менен шаар тургундарынын колдоосуна арзый алды.

Эмне дейбиз, “кары келсе ашка, жашы келсе ишке” демекчи, үзүрлүү ишиң менен элиңе ак кызмат кыла бер.

Белгилей кетсек, Адылбек Жусупбеков 1987-жылы туулган. Жогорку билимдүү, бир топ тилдерде эркин сүйлөйт. Ишкерлик менен алектенип, бизнес жаатында чоң ийгиликтерге жеткен.