Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Ибраев Германиядан коронавирус илдетин ала келеби?

2668

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дюшалиев жана ЖКнын аппарат башчысы Самат Ибраев баш болгон делегация Германия парламентинин чакыруусу менен аталган өлкөгө барышкан. Учурда дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус илдети Германияга да барып, кулачын кенен жайып жаткан чагы. Аталган илдеттен сактануу үчүн депутаттар Касымалиева менен Дюшалиев жана аларды коштоп барган делегаттар шашылыш түрдө өлкөгө кайтып келишти. Алар бүгүн түнү Германиядан учуп келишип карантинге алынды.

Эң кызыгы, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраевге ал жакка баруу буйругу берилбегенине карабай, делегаттар менен кошулуп өзүм билемдик кылып кетип калганын эшиттик. Барганы барып алып, кайра делегаттар менен кошо кайтып келбей, жеке иштери менен Германияда калып калганы эмнеси? Көрөгөч Маамыттын айтымында акыркы күндөрү Самат Ибраев жумушун аткарбай эле, жеке иштери менен чет өлкөлөп мыйзамсыз сапарларга байма-бай каттап калганы кандай? Мамлекеттик кызматты булгабай, жөн иштебейби же иштей албаса кетип калбайбы? Акыркы күндөрү Ибраевдин артынан ар-кандай кептер айтылып, чуулгандуу иштерден кулагы көрүнүүдө. Ким билсин, балким, ошол кыңыр иштерин жашыруу үчүн чет өлкөлөп калдыбы? Баса, Самат Ибраев коронавирус күч алып жаткан Европада эмнеге калып калды? Же ага ден-соолугу бир тыйынбы? Эмнеси болсо да, ооруу-сыркоодон алыс болсо экен. Капыстан жуктуруп алып, бул балээни өлкөгө ала келбесе эле болду… Мындай ээн баш жетекчилерге эмгек кодексине ылайык, чара көрүлбөсө абал чатак…

ЧЫНДЫК