Тажикстандагы адам укуктарынын абалын сындады

28

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстандагы адам укуктарына байланышкан абалды сынга алып, бийлик мурдагыдай эле саясий плюрализмдин өнүгүшүнө жолтоо болуп жатканын айтты.

Мамдепартамент шаршемби күнү жарыяланган баяндамасында Тажикстанды «авторитардык өлкө» деп атап, түрмөлөрдө соттолуучуларга, айрыкча саясий туткундарга карата кыйноо колдонулуп жатканын, алардын көзүн тазалаган учурлар бар экенин баса белгилеген. Баяндаманы АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тааныштырды.

Документтин авторлору сот системасындагы олуттуу маселелер, түрмөлөрдө оор шартта отурган соттолуучулардын тагдыры, вебсайттардын бөгөттөлүшү, дин тутуу эркиндигинин чектелиши, Тажикстандын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү коррупция жана непотизм жөнүндө жазышкан.