Никитенко: Ою түз адам бетин жаппайт болчу

37

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 8-мартта аялдардын митингинде болгон окуяны чагым деп атап, бет кап кийип кыз-келиндерге зомбулук көрсөткөндөрдү аныктоо керек экенин билдирди. Мындай пикирин ал 12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, чагымды болтурбоого аракет көрбөгөнү үчүн милицияны айыптады:

“Бет капчандар чагым жасашты. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери пландалып жаткан чагымга эч кандай реакция кылган жок. Бет капчандар ким экени аныкталып, тартип коргоочулардын аракетине баа бериш керек. Алар ортого түшүп, ажыратып койбогону аз келгенсип, кыз-келиндерди кармап кетишти”.

Ошону менен катар депутат бет капчандар бүгүн аныкталбаса жана жазага тартылбаса эртеңки күнү алар аймак, улут же дин аралык ажырымды даңазалап чыгышы ыктымал деген коркунуч бар экенин кошумчалады.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок калпак жана бет кап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш катталган. Анын184и оор, 36сы өзгөчө оор. Маалыматта балдарга жасалган кылмыш иштеринин ичинен жыныстык зомбулук көбөйүп баратканы жазылган.

Бишкек шаардык милициясы 8-марттагы окуя тууралуу «санкцияланбаган митингдин алты катышуучусуна жана коомдук тартипти бузууга катышы бар 5беш жаранга карата протокол түзүлүп, айып салынганын» билдирген.