Маанилүү макала: Сот менен милициянын кесепети…

561

Соттун катасы өлкөгө түйшүк. Буга мисал бар. Садыр Жапаровдун сот иши. Мына. 2013-жыл, 7-октябрь, Каракол шаары, митинг. Кумтөргө каршы. Көлдүн губернатору Каптагаев бир жеңил машинеге эңкейип кирди, анан кеңкейип чыкты. Болгону ушу. Эч ким зордукаган жок, чекеге да чертилбеди. Машине ордунан жылбады. Тасмадан көрдүк. Кылмыш жок.

Ушул көрүнүшкө кыргыздын соту “барымтага алынды” деп (взят в заложники), Кодекстин беренесине такап, Садыр Жапаровду 11-жылга кести. Каптагаев “мени эч ким барымтага алган эмес” деди, гезит аркылуу жар салды, сот муну эске албады. “Барымта” деген кыймыл болбосо, барымтага алынган адам аныкталбаса, губернатор дооматым жок десе, кандайча соттун чечими ушинтип чыгат? Адилеттү чечимге мурунку ажо Атамбаев тоскол кылса, азыркы ажо сотту катаны оңдо десе болбойбу?

Катанын таасиринен 2-март күнү митинг өттү. Сот ката кетирбесе буга негиз болот беле? Жапаровго беренени туура тагышса, штраф менен чектелмек. Азыр сот честь мундира дегенин сактап, чечимди өзгөртпөсө, анан ушуга каршы митингтер токтобосо, бийлик кантет? Милициянын иттери менен элди улум-улам тособу? Кыргыз иттен коркобу?

Буга профессор Каныбек Осмоналиевдин маселеси кошулду, муну да камашты. Таш ыргытып, тартипти бузгандарга атаман болгон беле? Абакта жаткан Садыр Жапаров митингдеги чатактарга жооп береби? Ал чыкпагыла деди го элге? Соттун катасына соттон башкасынын баары күнөлүү болобу? Милициянын иттери жарандарды жыртып салса, ким жооп берет – милициянын министириби же илимдин докторубу? Иттерди аянтка чыгаруу эрдик эмес, иттер менен бийлик ийгиликке жетпейт. Это не доблесть МВД.

Милициянын эрдигин 8-март күнү көрдүк. Зомбулукка каршы чыккан айымдарга милиция зомбулуктун үлгүсүн көрсөттү. Маскачан эркектерге талатып, аларды кармабай, плакат көтөргөн ургачыларды кармашты. Да, баракелде. Милициянын офицерлери кичинекей кыздардын колдорун толгоп баратканын бутун дүйнөнүн коомчулугу көрдү. Позор на весь мир. Балапан кызды эки жагынан кармашкан жигиттерге эми министирге “ваше задание выполнено” деп рапорт жазышабы? Анан офицерлерин ушундай деңгелге жеткирген министр ажого “победный отчет” береби – “эл аралык аялдардын майрам күнү борбордун аянтын митинг кылган аялдардан тазаладык” деп ажого отчет береби? Анан ажо анын төшүнө “Манас” орденин тагабы – “за блестящее проведение операций по разгону митингов” деп?

Манас өзү эстеликтин үстөнөн иттерди да, итчиликтерди да көрүп турду го? Ушул жерден “чиркин” дейли, себеби просто шерменде болдук. Офицерлер дүйнөнүн маалымат каражаттарын окушбайт, буларга родной министирдин инструкциясы Конституциядан да жогору окшойт. Дүйнөнүн эң алдынкы катарда турган гезиттин маалыматын которуп бериш керек буларга. Англиянын “Гардиан” деген гезити. Мына. “Кыргыздын бийлиги аялдарды майрам күнү эркектерге сабаттырып, аялдардын өзүн камакка алышты”. Ушундай эле маалыматты “Аль-Жазира” деген телеканал араб дүйнөсүнө жарыялады. Бул жерде кыргыздын милициясы дебей, кыргыздын бийлиги деп айтылды. Милициянын колу менен бийликтин бетин ушинтип шыбалып калабы, анан ажобуз жер карайбы?

Жабыр тарткан кыздарды коргой турган уюмдар бар. Буларды кордогон эркектер жооп беришет. Маска кийгендердин себеби коронавируста эмес, кеп өндөрүндө – тасмага түшсө, булар кармалмак, анан заказды ким бергени ачылмак. Ушул акмактарга офицерлердин сөз айтканга да кудурети жетпеди.

Рита Карасартова менен абысындай болуп активно айтышкан офицерлерди тасмадан көрдүк. Ушул укук коргоочу айымга ыраазычылык билдириш керек. Бет тырмабай. “Муну ким тизгиндейт, ушул мамлекеттик кызматка маанилүү инсанды койсо болот эле” деп жазышты. Митингтерди служебный иттер менен каптаткан жана кыздардын колдорун бураттырган инсандар ушул айымдан маанилүү болуп калыштыбы? Ушундайга жеттикпи?

Депутат Алтынбек Сулайманов милиция менен маска кийигендерге эркекче сөзүн айтты. Депутат Дастан Бекешев милициянын министирине (Кашкар Джунушалиевге) сылык эле түрдө “отставкага кетиңиз” деди. Ал, конечно, кетпейт, өз ыктыяры менен кантип кетсин? Не может быть. Да, кеп ушундай, бирок 8-март күнү министирдин шишеси до конца толду го. Все, абышка, приехали. Каталарын мойнуна алып, жабыр тарткан айымдардан кечирим сурап, Курсан Асановго койгон дооматын алып, кызматын тихо тапшырып кетсе, көпчүлүк ыраазы болбойт беле?

Ал эми мамлекетке тийгизген зыянды (ущерб авторитету государства) сот менен милиция жокко чыгарышпайт, муну мамлекеттин жетекчиси кана аткарат. Кой-Таш окуясынан кийин (август 2019) кадр маселеси чечилбей калганы үчүн өлкө кесепетке учурады. Опумбаев менен Джунушалиевди ошондо кызматтан бошотсо пайдалуу болмок. “Өзүлөрү жасаганды өзүлөрү эми оңдосун” деп койду ажобуз. Ошол учурда генерал Курсан Асановду МВДга министр кыллып койгондо, милициянын аброю көтөрүлмөк, себеби бул инсан офицерлерге дем болмок. Булар үчүн Курсан погон тагынгандан баштап үлгү. Азыр да үлгү – үй камагында жаткан учурда деле. Чечимди чыгарууга кеч эмес – министирдин орду үлгүлүү жоокерди күтүп турат.

Коомчулук ажоодон адилеттүү чечимдерди күтөт. Ишенет. “Битке эрегишип көйнөгүндү отко салба” деген фольклорубуз бар. Ката кетирген сотко жана кол толгогон милицияга ишенип өлкөнүн тагдырын биз отко салып жиберебизби? Жок, салбайбыз. Инстинкт самосохранения деген нерсе бар. Бизди кылымдан кылымга ушул нерсе сактап келген. Сактайт. Биттерге тиешелүү теманы улантабыз. Булардын кесепетинен биз эл аралык уюмдар менен да тирешип калдык. Мисал бар. До встречи.

Кубан Мамбеталиев, публицист, журналист.

Булак:ЧЫНДЫК