Кыргызстан менен Монголия терроризмге каршы күрөшүү жаатында биргелешип иш алып баруу аракетин жасоодо

24

Жогорку Кеңеште «Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамн долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

УКМК төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан менен Монголия адам уурдоо, барымтага алуу, учактарга куралдуу кол салуу, экологиялык терроризм, химиялык куралдарды колдонуу жаатында биргелешип иш алып бара турганын белгиледи.