Италияда соода жайлары ишин токтотот

26

Мындай буйрукту өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 11-мартта чыгарды. Бул коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында болууда. Ага ылайык, кафе, бар, ресторан, чачтарач, сулуулук салондору да убактылуу ишин токтотот. Конте азык-түлүк таңсыктыгы болбосун эскертип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

“Бул чаралардын натыйжасын биз эки жумадан кийин көрө алабыз”, – деди Жузеппе Конте.

Өндүрүш жана айыл чарба азыктарын өндүрүү иши өз нугунда кете берет. Ишкана жетекчилерине кызматкерлердин саламаттыгына кам көрүү тапшырылды. Ошол эле учурда аларды үйдөн отуруп иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады. Коомдук транспорт, почта жана банктар мурдагыдай иштей берет.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды.