Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнөн АКШга каттамды тыйды

57

Дональд Трамп бир айлык мөөнөткө Европанын бардык өлкөлөрүнөн АКШга каттоо тыйылганын элге жасаган кайрылуусунда айтты.

11-марттын кечинде Дональд Трамп АКШ элине кайрылуу жасап, 13-марттан тарта анын бул чечими ишке ашарын билдирди. Бул чектөөгө Британиянын атуулдары кирбей турганын да кошумчалады. Шенген зонасына кирген 26 өлкөдөн АКШга кирүү 30 күнгө чектелет. Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча жооптуу кызматкери Энтони Фаучи андан бир күн мурда Конгрессте сөз сүйлөп, АКШда вирус күчөшү мүмкүн экенин айткан.

АКШдагы оорулардын алдын алуу боюнча борбордун эсеби боюнча, өлкөдө 31 киши коронавирустан каза таап, миңдей кишиге оору жукту. Ал арада АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндө дүкөндөрдө күнүмдүк керектөөчү товарларды сатып алуу үчүн эл дүрбөлөңгө түштү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреесус Женевадагы жыйында COVID 19 вирусун пандемия деп атады.

Азыркы тапта COVID 19 оорусу дүйнөнүн 114 өлкөсүндө жайылып, 118 миң адамга жукту 4 291 киши каза болду.