Голливуд актеру Том Хэнкс менен жубайы коронавирус жуктурду

40
LONDON, ENGLAND - FEBRUARY 16: Tom Hanks and Rita Wilson attend an official dinner party after the EE British Academy Film Awards at The Grosvenor House Hotel on February 16, 2014 in London, England. (Photo by Chris Jackson/Getty Images)

Америкалык актер Том Хэнкс менен жубайы коронавирус жуктурду. Бул тууралуу актер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз өзүбүздү чарчаңкы абалда, ооруп калгандай сездик. Рита кечке чыйрыгып чыкты. Баарын туура кылуу үчүн бизден коронавирусту аныктоочу тест алышты. Ал оң жыйынтыкты берди», – деп жазды.

Жубайлар 63 жашта. Алар Австралияда карантинден өтүп, дарыланышат.