Өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына которуу демилгеси сунушталууда

52

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен, дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда. Аларда баш-аягы 25467 калк жашайт.

Андан тышкары, ушундай эле багыттагы «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да экинчи окууда талкууланды.

Мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жаңы түзүлгөн айылдарынын,  жалпысынан 16 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык маселелер боюнча агенттигинин директору Бахтияр Салиев айрым калктуу конуштарды айыл категориясына которуу жергиликтүү калктын турмушун жана инфратүзүмдөрдү жакшыртууга, элет жергесиндеги калкты каттоого алуу, социалдык тейлөө сындуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Депутат Алтынбек Жунус уулу калктуу конуштарга айыл макамы берилгенден кийин айылдын инфратүзүмүн камсыз кылуу, социалдык объектилерди куруу сындуу ири өлчөмдөгү каражатты талап кылган маселелер келип чыгарын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салды. “Бюджет тартыш, адегенде жаңы айылдарга тийиштүү шарттарды түзүп бере алабызбы, ошону караш керек”, – деди ал.

Бахтияр Салиев калктуу конуштарга айыл макамы берилгенден кийин чечиле турган маселелердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланарын белгиледи.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев ортолору эбак кошулуп калган айылдарды бириктирүү сунушун берди. “Мындай айылдар арбын. Биздин негизги саясатыбыз – аймактарды ирилештирүү. Өлкө аймагындагы административдик аймактар боюнча саясатты өкмөт өзү жүргүзгөндүктөн, аны жергиликтүү тургундар өздөрү чечет, мыйзамда ошондой жазылып калыптыр деп четке чыга бербей, бул багытта чечкиндүү чараларды көрүшү керек”, – дер кошумчалады эл өкүлү.