Ушу тапта өлкө аймагында иштеген 1069 китепкананын жалпы фонду 19 млн китептен турса, анын ичинде улуттук китепканалардын фонду – 6 млн китеп

34

Өлкө аймагында иштеген 1069 китепкананын жалпы фонду 19 млн китептен турса, анын ичинде улуттук китепканалардын фонду – 6 млн китеп

Жогорку Кеңештемыйзамдардагы китепкана ишине байланыштуу жоболордун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан «Китепкана иши жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамда Улуттук китепканасынын жетекчилеринин маяналары мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына, ал эми бөлүм башчыларынын эмгек акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет деп белгиленген.

“Бирок, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам Улуттук китепкананын кызматкерлерине жайылтылбайт, анткени алар мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Ошондон улам, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу демилгеси сунушталууда”, – деди маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Азыркы учурда маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары, анын ичинде китепкана кызматкерлеринин кызматтык маяналары КР Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен аныкталат. Ошондуктан, мыйзамдын жогоруда аталган беренеси иштебей турат.

Депутат Дастан Бекешев баштаган бир катар эл өкүлдөрү китепканалар жаатында көйгөйлөр көп экенин белгилеп, Улуттук китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысы өтө төмөн экенин, аны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Баяндамачы китепканачылардын маянасын көбөйтүү маселеси Өкмөттүн кароосуна коюлуп, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. “Ал эми китеп фондун жыл сайын өлкө аймагы боюнча өткөрүлгөн “Бир адамдан – бир китеп” долбоорунун алкагында жана айрым мыкты авторлор, чыгармачыл бирликтер, басмалар менен иштешүү аркылуу чечүү аракети жасалууда”, – деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, элет жергесиндеги ээн калган китепканалар менен маданият үйлөрүнө интернет тартып, тил үйрөтүү жаатындагы окууларды өткөрүү, кесиптик багыттагы курстарды ачуу, электрондук китепканаларды түзүү, ар кандай мазмундагы китептерди саттыруу менен алардын ишин жандандыруу жана ошондой иш-чаралар аркылуу айыл маданиятын көтөрүү жөнүндө пикирлер ортого салынды.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында иштеген 1069 китепкананын жалпы фонду – 19 млн китеп, анын ичинде улуттук китепканалардын фонду – 6 млн китеп. Китепканачылардын орточо маянасы – 4 миң сом. улуттук китепканалар республикалык бюджеттен, калган китепканалар жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Демек, китепканалардын саясатын Маданият министрлиги жүргүзөт, чарбачылык маселелерин жергиликтүү бийлик органдары чечет.