“Сынчынын сыңар өтүгү майрык” же Сарыгулов өз башындагы төөнү көрбөй жатабы?

536

Акыркы күндөрү Дастан Сарыгулов аксакал Жер үй кени боюнча маселе көтөрүп, өзүн ак карга сыпаттап ар-кимди күнөөлөп атканын кандай түшүнөбүз? «Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп» дегендейби бу аксакал? Коомчулук «Нарктуудай көрүнгөндөн нарк кеттиби?» деп атышат. Кумтөрдү ким баштады эле? «Кыргызалтын» концернин ким негиздеди эле? Келишимдерге ким кол койду эле? Мунун баарын эл билбейби? Мындай учурда «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн» дечү беле? Сарыгуловдун бул ыплас жүрүшү Кумтөрдөгү мандемди өзүнөн четтетүү амалын кылып атабы, түшүнүксүз?

“Камеко” Кыргызстанга кантип келип калган? Башкы келишимге кайсыл жерде, ким кол койгон? Кыргыздын ырыскысын ким тартттырууга өбөлгө түзүп берген?

Кумтөрдүн тарыхына кайрылсак, бизге эң биринчи “Сиабеко” деген фирма келген. Анын башында Бирштейн деген канадалык инсан турган. Ошол адам Кыргызстан менен биргелешкен “Сиабеко-Кыргызстан” деген фирма ачат. Ага сырткы инвесторлор менен сүйлөшкөнгө чоң укуктар берилген. Бирштейн бизге  “Камекону” алып келет. “Камеко” “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө консенциялык жол менен алат. 1992-жылы Торонтодо (Канада) Дастан Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы болуп туруп Башкы келишимге кол койгон. “Камеко” тараптан Эндрю Льюс кол коёт. Ошонун негизинде “Камеко” “Кумтөр” кенин иштеткенге мүмкүнчүлүк алат. Ал убакта мыйзам боюнча конкурс болуш керек болчу. Конкурс болбойт, бир топ эл аралык компаниялар болгон, аларга берилбей, “Камекого” берилип жатат. Бул жерде ачык эле мыйзам бузуу орун алганы, жеке капчыгын кампайтканы айгинеленип жатпайбы? “Камеконун” алтын иштетүү тажрыйбасы болгон эмес, алар уран иштеткен ири компания болгон. Биринчи катачылык конкурс өтпөй эле “Кумтөрдү” “Камекого” бергенинен кеткен. Экинчиси, Дастан Сарыгулов кол койгон келишимдин негизинде “Камекону” баардык салыктардан, төлөмдөрдөн, анын ичинде кыйыр жана түз салыктан бошотот. Комбинат салынып бүткөнгө чейин бошотулат, андан кийин иштегенден баштап дагы 5 жылга чейин баардык салыктан бошотот. Мына ушул экинчиси чоң, орой кемчилик болгон. Үчүнчү орой кемчилиги, ТЭО боюнча курулуш 276 млн доллар болмок, бирок 175,6 млн долларга көбөйгөн. Бул 63 пайызга көбөйгөндү билдирет. Буга ар кандай шылтоолорду айтып келишет. Башкы келишимдеги төртүнчү катачылыгы, Кыргызстан экиден үч бөлүгүнө ээ болгон, “Камеко” үчтөн бир бөлүгүнө макул болушкан. Бирок, “Камеко” келишимге өздөрүнүн кызыкчылыгын киргизип, директорлор кеңешинин ордуна аткаруучу комитетти түзгөн. Аткаруучу комитеттин эки адамы “Камеко” тараптан, бир адам Кыргызстандык болуп калган. 67 пайыз үлүшкө ээ болуп туруп, биз көзөмөл кылчу кеңешке бир адам, 33 пайыз үлүшкө ээ болгон “Камеко” эки кишисин киргизген. Ошол аткаруучу комитет баарын көзөмөлдөп турган. Ушунун кесепетинен “Кыргызалтын” “Кумтөрдүн” көзөмөлүнө кире албай калган. Кыскасы, “Кумтөр” долбоорунда биз үчүн эң ыңгайсыз 2003-жылдагы келишим болгон, дал ушул жерден биз өзүбүздүн ырыскыбызды алдырып жибергенбиз. Мынакей, ушул алешемдиктердин башында Дастан Сарыгулов турган. Сарыгулов кылгылыкты кылып коюп, “болоору болуп, боесу канган соң” өзүн акылдуу сезгени кандай? Сынчынын сыңар өтүгү майрык демекчи, өзүнүн майрык өтүгүн бир карап койбойбу? Же сөз экен деп эле ар-кимди каралай берсе эл ишенет дейби? Жок, канчалык башкаларга таш ыргытпасын, өз башына шиш болуп тийе берээрин биле жүрсө, картайганда калжаңдап жаман көрүнбөй.

Булак:ЧЫНДЫК