Коронавирус: Кыргызстан менен Өзбекстанда массалык иш-чараларга тыюу салынды

37

Кыргызстанда Нооруз майрамына карата Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жылда өтчү майрамдык иш-чара быйыл болбойт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирустун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан мындай чара жер-жерлерде уюштурулчу майрамдык иш-чараларга да тийиштүү болот.

Бул арада Өзбекстанда да эл аралык иш-чараларды, спорттук мелдештерди өткөрүү убактылуу токтотулду.

Өзбекстан Дене тарбия жана спорт министрлиги кабарлагандай, коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн өзбек курама командалары эл аралык мелдештерге министрлик менен макулдашкандан кийин гана катыша алат.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.