Казакстанда экономикалык кырдаалга байланыштуу чукул штаб түзүлдү

27

Мунайдын баасы төмөндөп, теңге кунун жоготкондугуна байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 9-мартта өкмөт мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрүп, дүйнөдөгү экономикалык жагдайдын өлкөгө тийгизген таасирин талкуулады. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Билдирүүдө антикризистик план түзүлөрү, республикалык бюджетке тактоо киргизилери айтылган. Токаев бюджеттик чыгашаларды кыскартып, жер-жерлерде калкты иш менен камсыздап, валюта базарын турукташтыруу зарыл экенин билдирген.

Токаев жыйындан кийин “Твиттердеги” барагына дүйнөдө экономикалык абал начарлап кеткендигине байланыштуу өкмөткө антикризистик план иштеп чыгуу үчүн ыкчам штаб түзүүнү тапшырганын жазды.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Казакстандын акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 400 теңге болуп, андан соң 395 теңгеге түштү.

Коронавирустан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары кыскарып, мунай продукциясына суроо-талап азаюуда. Мунун алдын алуу үчүн өндүрүш көлөмүн чектөөнү макулдашуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөр (ОПЕК жана ага кирбегендер) өткөн аптанын аягында Венага чогулган. Бирок “чектөөгө негиз жок” деп Орусия буга макул болгон эмес. Мындан соң мунай баасы дээрлик 30% түшүп кеткен.