2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар акысыз берилет. Өкмөт улуттук кампанияны ишке киргизет

40

Кыргыз Республикасынын президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын президентинин аталган Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тийиштүү токтому иштелип чыккан, анын милдети жана максаты катары калктын аяр катмарына ар кандай пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспорттору (ID-карта) менен акысыз камсыздоо жолу аркылуу алардын мыйзамдык укугун жана кызыкчылыгын канагаттандыруу болуп саналат.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:

– толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жашагы балдар;

– ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);

– толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;

– 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;

– 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.

Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.

0