Аскарбек Жаныбековду айыл чарба министрлигин оңдойт деп алып келсе, ал оңдобой эле ойрон кылды. Мамлекет тарабынан айыл чарбасына 26 миллиард сом бөлүнгөн. Ага чейин Кыргызстан тамак-аштын үч түрү менен гана өзүн камсыз кылып келген, абал өзгөргөн жок, ошол бойдон калды. 26 миллиард сом сууга сиңгендей жок болду. Өлкөбүз азык-түлүктүн 70 пайызын сырттан сатып келет. Аскарбек Жаныбеков акчаны туура пайдаланса, элди азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыз кылса болот эле. Өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугу экспортер мамлекеттердин мамилесинен көз каранды болуп турат. Аскарбек Жаныбеков болсо “дагы 26 миллиард бергиле” деп чуркап жүрөт деп уктук. Ал эмне, жегенин билбеген төөбү?
«Азия Ньюс» гезити